Марал Радиосу

Айнура Темирбекова кызматтан кеткенин жарыялады

Айнура Темирбекова Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары кызматынан кеткенин социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Ал кызмат ордун жаңы идеяларга, жаңы кадамдарга мүмкүнчүлүк берүү үчүн бошотконун айтат.

Айнура Темирбекова маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары болуп 2013-жылдын 28-августунда дайындалган эле.