Марал Радиосу

Азиз Суракматов КСДПнын тизмесинен чыгарылды

Бишкек мэри Азиз Суракматов Жогорку Кеңешке КСДПдан депутаттыкка талапкерлер тизмесинен чыгарылды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы кабарлады.

Тизмеден чыгуу боюнча арызды Суракматов өзү берген. КСДП партиясынын тизмеси боюнча депутат Музаффар Исаковдон кийин Азиз Суракматов турган. Бирок ал дагы баш тартып койгондуктан мандат тизмедеги Өмүрбек Бакировго берилиши мүмкүн экендиги айтылууда.