Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында Ысык-Көл облусунда 53 жаңы ишкана ишке киргизилип, жаңы жумуш орундар түзүлдү.
Жети-Ѳгүз районунун Барскоон айылында 4 кичи ишкана ачылып, алардын катарына кирпич заводу толукталды. Маалыматка ылайык, ишкана күнүнө 500 кирпичти 4 түр менен чыгарууда. Бул аракет айыл элин гана эмес, районду курулуш материалы менен камсыз кылып жаткандыгын жетекчиси Мекенбек Осмоналиев айтып, өндүрүш боюнча маалымат берди.
—Биздин айылыбыздын топурагы жарактуу болуп чыкканы жакшы болду. Кирпичке ылайыкталып жасалган станоктордун баары өзүмдүн колумдан чыккан. Мунун келечеги жалаӊ гидравликалык күчтүү пресстер менен иштейт. Азырынча кол менен 8 атмосфералык пресс менен басылып чыгууда. Бирок кубаттуулукту 12 атмосферага жеткирүү планыбыз бар. Бул ишкана айылга, районго да пайда алып келет.
Дегендей эле, аймактарды өнүктүрүү жылдыгынын алкагында облуста дагы 53 жаңы ишкана ачылып, жаӊы жумуш орундар түзүлдү. Мындай аракет Ѳкмөт башчынын тапшырмасына ылайык, ар бир район шаарларга 10дон кем эмес ишкана ачуу планынын алкагында аткарылган. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн басма-сөз катчысы Жаныбек Кожоев маалымады.
— Премьер-министрдин тапшырмасына ылайык, быйыл аймактын алкагында 57 ишкана иштеп жатат. Анын ичинде Караколдо 7, Балыкчыда 6, Ак-Сууда 8, Жети-Ѳгүз районунда 9, Ысык-Көл районунда 9, Түп жана Тоӊ районунда 7ден ишкана ачылды. Жалпысынан 346 жаӊы жумушчу орундар иш менен камсыздалды.
Муну менен утурлай, быйылкы жылы аймактагы социалдык, экономикалык көйгөйлөрдү чечүү жагы да каралган. Анын алкагында Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондусу да иш алып барып, 4 спорт зал, 3 бала бакчаны ишке берилди. Ошондой эле саламаттыкты сактоо тармагы менен жол курулушуна да көӊүл бурулганын аталган фонддун коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Жанара Рыскулова билдирди.
—Тоӊ районунун Кажы-Сай айыл аймагынын борбордук көчөсү союз учурунда курулуп, ал арадан бери бир да жолу оӊдоп түзөө жүргүзүлбөптүр. Мунун натыйжасы көптөгөн кооптуу маселе жаратып, туристтердин келүүсүнө да ыӊгайсыздык алып келчү экен. Быйылкы жылы кыштактагы 3 чакырым жолго толугу менен асфальт төшөлүп, кеӊейтилди.
Быйылкы жылда таза сууга да көӊүл бурулуп, 79 айылга суу берилди. Ичүүчү сууга жалпы 524 миллион сом сарпталып, 141 миңден ашуун адам ичүүчү суу менен камсыз болду. Алардын катарында болгон Жети-Ѳгүз районунун Конкина айылынын жашоочусу Турганбек Шерипов буларга токтолду.
-Биздин айылдаштар 5 жылдан бери таза сууга муктаж болуп кайрылбаган жерибиз калган эмес. Анткени буга чейин жаан жааган сайын ылай-баткак сууну колдонууга аргасыз элек. Жыйынтыгында, көптөгөн жугуштуу оорулар күч алган. Азыркы айыл эли таза суу колдонуп, кубанып турган мезгили.
Бирок жогоруда айытылган иштер толук кандуу аткарылды деп айтууга эрте. Анткени жол салуу, социалдык мекемелердин курулуш иштери, таза суу маселеси ар бир үчүнчү айылда бар. Андыктан Ысык-Көл облусунда кабыл алынган 2018-2023-жылдардагы туруктуу өнүгүү стратегиясына ылайык, инвестициялык долбоорлору түзүлгөн. Мындан ары максаттуу жана иреттүү пайдалануу зарыл экенин ардактуу эсепчи Сагынбек Бектуров сунуштайт.
—Менин оюмча, азыркы ар тармакта аткарылып жаткан иштер чаржайыт болуп жатат. Мындай ыкма менен аймак эле эмес, бүтүндөй Кыргызстан эч качан өнүкпөйт. Ошондуктан 2 жылды саламаттыкты сактоо тармагына арнап, жалаӊ ФАП сыяктуу курулуш иштерди бүтүрсөк. Калган 2 жылды билим берүү тармагына арнап, дагы 2 жылды таза сууга, анан жолго бурсак жакшы болмок деген сунушум бар.
Айта кетсек, аймактарды өнүктүрүү жылдыгына улай, келерки 2023–жылга чейин облуска 24,6 миллиард сомду түзгөн 61 инвестициялык долбоор ишке ашуу планы бар.