Марал Радиосу

Кыргызстандагы этностук бирикмелердин маданий фестивалы өтөт

Бүгүн, 24-декабрда Токтогул Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармониясында жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги  Кыргызстан элинин Ассамблеясы  менен биргеликте “Өнүккөн элет жерибиз, көп түрдүү кыргыз элибиз”  аттуу этномаданий фестивал өткөрөт.

Фестивалдын алкагында Кыргызстан элинин Ассамблеясынын этностук коомдук бирикмелеринин көркөм кол өнөрчүлүк көргөзмөсү андан соӊ концерт менен коштолот.

Фестивалга президенттин Аппарат жетекчиси Досалы Эсеналиев, вице-премьер министр Алтынай Өмүрбекова, ошондой эле Кыргызстанда жашаган этностордун өкүлдөрү катышат.