Марал Радиосу

Бердымухамедов небереси менен ырдап чыкты

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов жаңы жыл алдында майрамдык иш-чарага катышып, небереси менен англис, түркмөн жана немис тилдеринде ырдады. Бул тууралуу «Хроника Туркменистана» порталы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, чыгарманын обонун президенттин небереси Каримгули жазган.

Бердимухамедов байма-бай ыр жазып турат. Ошондой эле башка ырчылардын да чыгармаларын аткарып жүрөт.

Чоң ата менен неберенин дуэти алгач реп түрүндө болгон. Жастин Тимберлейктин чыгармаларын жана ата мекен тууралуу ырларды аткарышкан.