Индонезиядагы күчтүү цунамиден улам 43 киши каза тапты.
Кun.uz маалымдагандай, үстүбүздөгү жылдын 22-декабрында Ява жана Суматра аралдарын бөлүп турган Зонд кысыгында орун алган жаратылыш кырсыгынан 600гө жакын адам жабыр тарткан.
Мындан тышкары, мейманкана жана бир топ турак жайлар ойрон болгон.
Цунами Анак-Кракатау вулканынын атылуусу себеп болгону болжолдонууда.