Марал Радиосу

Тажикстандан 23 тонна мандарин мыйзамсыз ташылып келген

21-декабрь күнү Лейлек чек ара пунктунда баасы 1 млн сомдон ашкан товардын мыйзамсыз ташылып бараткандыгы аныкталды. Бул тууралуу Чек ара кызматы маалымдады.

Ага ылайык, товар Тажикстандан Кыргызстанга алынып келе жаткан.

Чек арачылар менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери бирге текшерип, анда 23 тонна мандариндин мыйзамсыз алынып кирилип жатканын аныкташкан. Айдоочуда жүк үчүн керектүү документтери болгон эмес.

Ага админстративдик айып салынып, керектүү документтер түзүлүп, жүк УКМКга өткөрүлүп берилди.