Марал Радиосу

«Кырк-чоро» Кытай элчигилине талап койду

Бирикме Кытайдагы лагерлерде жаткан кыргыздарга тынчсызданып жатканын билдирип, өкмөткө 30 күндүк мөөнөт берди.

Кытай Эл республикасынын Кыргызстандагы элчиликтин алдында чогулган «кырк чоронун» мүчөлөрү  үч талап менен чыкты.

Биринчиси, Кытайдагы лагерде улуттук азчылыктарга көрсөтүлгөн зордук-зомбулуктар токтотуу жана этникалык кыргыздардын камоо себептерин ачыктоо талабы коюлду.

Мыйзамсыз жүргөн чет өлкөлүктөрдү 30 күн ичинде өлкөдөн чыгарууну жана кыргыз жарандыгын алган чет өлкөлүктөрдүн документтерин текшерүү үчүн комиссия түзүү сунушу өкмөткө берилди. Тиешелүү кат өкмөткө жана элчиликке тапшырылды. Бул тууралуу «Марал» радиосуна аталган бирикменин төрагасы Замирбек Көчөрбаев билдирди. Эгер бул мөөнөттө реакция болбосо, Кыргызстандагы кытайлык компанияга караган ишканалар «Кырк чоро» тарабынан өз алдынча текшерүүгө алынмакчы.

Биз азыр коюлган үч талабыз боюнча тиешелүү мамлекеттик органдар менен сүйлөшүп жатабыз. Эгер 30 күндүн ичинде кандайдыр бир жооп болсо, алар менен чогу ишканаларды текшерүүгө алабыз. Эгер андай болбосо, жеке өз алдынча кадамдарга карабыз. Өзүбүз барганда ишканалардан мыйзамсыз аракеттер аныктасак, тийиштүү мамлекеттик органдарга өткөрүп беребиз.

Бирок Кытайда камалган кыргыздарды бошотуу боюнча маселе аябай оор экенин, буга абдан аяр мамиле жасалышы керектигин президент Сооронбай Жээнбеков журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып белгилегени бар. Маселе кыйкырып чыгуу менен чечилбестигин эскертип, ата-бабалар “Алыскы туугандан жакынкы кошуна артык» деп бекер айтпаганын эске салган.

Бул маселеге жогорку дипломатиянын негизинде карашыбыз керек. Мисалы, Кыргызстанда кытайлык 10 жаран камакта жатат. Бирок ал өлкөнүн бийлиги “бошоткула” деп бакырган жок да. Ал жактагы биздин туугандарыбыз. Биздин жарандар боюнча иштеп атабыз. Жөн отурган жокпуз. Көчөгө чыгып алалыбы? Бакырсаң эле маселе чечилип калса, биринчи болуп мен көчөгө чыгат элем.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев кандай гана уюм болбосун ар бир жаран өз оюн айтууга укугу бар экенин белгилеп, бирок ошол эле кезде мыйзам чегинде иш алып баруусу керек экенин белгиледи. Бул жагынан «Кырк чоронун» өз алдынча текшерүүгө алуу талабы мыйзамсыз деп атады.

Бул маселе сөсүз түрдө дипломатиянын алкагында сүйлөшүүлөрдүн алкагында гана чечилиши керек. Бирок ар бир жаран, ар бир уюм өз оюн атканга, өкмөттөн талап кылганга укугу бар. Ал үчүн аларды кодулап же куугунттукка алуунун кереги жок. Анткен менен баардык маселени кокодон алып чечип коебуз деген бул мыйзамдуу жол эмес. Албетте, мыйзам чыгаруучу катары мыйзамсыз аракеттерди колдой албайм.

Коопсуздук жаатында эксперт Артур Медетбеков бул маселени жалпыга маалымдоо каражаттары жана дүйнөдөгү таасирдүү уюмдарга кайрылуу менен чечүү сунушун берди. Болбосо күчкө салуунун арты жакшылык менен аяктабастыгын айтты.

Бул сындуу маселелерди дипломатиялык жол менен Жалпыга маалымдоо каражаттарына кайрылуу жолу менен же Бириккен Улуттар Уюума кайрылуу менен чечкен оң болот. Болбосо өз алдынча кадамдар жасалса, тескерсинче, бирикменин өкүлдөрүнө чара көрүлүп калышы ыктымал.

 Эл аралык коомчулук тарабынан Кытай бийлигинин дарегине адам укугун тебелөө боюнча сындар айтылып жатат. Синьцзянь автономиялык облусундагы мусулман уйгурларды сот-соболсуз эле саясий лагерлерге алып кирип жатканы тууралуу айыптоолор көбөйдү. Бирок Пекин бул айыптарды четке кагып, уйгурлар аталган “кайра тарбиялоо мектептерине” өз ыктыярлары менен келип жатышканына ишендирүүдө.

Ал эми боордоштордун бул жайларда калып жатканы боюнча жакын туугандары жардам сурап коомчулукка ачык чыккандардын саны дагы артып барат.

 

 

 

 

Exit mobile version