Марал Радиосу

Коом парламенттен өз алдынча иштөөсүн күтөт

Бүгүн Бишкекте Жогорку Кеңештин түзүлгөнүнүн 80 жылдыгына карата илимий-практикалык конференция өттү. «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында уюштурулган иш-чарага президент Сооронбай Жээнбеков баш болгон өлкө жетекчилери, парламент депутаттары, мурдагы чакырылыштардагы эл өкүлдөрү да катышты.  Жыйында сүйлөп жатып президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын Баш мыйзамы өзгөртүүгө азыр муктаж эмес экенин айткан.

Жогорку Кеңештин 80 жылдыгына карата уюштурулган илимий-практикалык конференциясы «Мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгүнө талдоо жана анын келечеги» темасынын алкагында бир катар илимий баяндамалар жасалды. Анда олуттуу пикирлер айтылат, кыргыз парламентинин 80 жылдык маарекесине арналган даректүү фильм көрсөтүлүп, хроникалык фотосүрөт көргөзмөсү тартууланды.

Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан парламентаризм жолун тандаган өлкө экенин, коомдогу бардык курч маселелер парламентте көтөрүлөрүн, оппозиция менен жарандык коомдун үнү ошол жактан жеткирилерин белгиледи.

Анын айтымында, бүгүн парламенттен жашырылган маселе жокко эсе. Ошону менен бирге Кыргызстандын Баш мыйзамы өзгөртүү зарылчылыгы жок.

-Азыр парламенттин дарегине бир топ сын айтылып жатат. Бул — нормалдуу көрүнүш. Учурда Конституцияны, шайлоо мыйзамдарын өзгөртүү, курултай институтун киргизүү жөнүндө талаптар коюлууда. Конституцияны өзгөртүү жөнүндө сөз кылганда төмөнкү жагдайларды унутпасак.

2010-жылы референдум аркылуу Конституция 2020-жылга чейин өзгөрбөсүн деп элибиз добуш берген. Элдин ошол чечимине карабай, 2016-жылы Конституцияны дагы бир жолу өзгөртүүгө жол берилди. Ошондуктан, 2010-жылдагы окуяларды эстеп, элдин эркин сыйлап, Баш мыйзамыбызга өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн зарылдыгы жок деп эсептейм. Конституциялык өзгөртүүлөр бир топ убакытты талап кылат. Азыр өтө кечиктирилгис көйгөй катары мамлекетибиздин экономикасын көтөрүүнү, бизнеске жакшы шарт түзүп, түз инвестицияларды көбөйтүүнү атасам болот. Ошондуктан азыркы Жогорку Кеңеш мезгил талап кылган реформаларды жүргүзүү үчүн зарыл болгон мыйзамдарды кабыл алуусу керек. Азыр конституциялык реформага кирип кетсек, жогорудагы реформалардын баары арткы планга өтүп кетет. Азыр бизде анчалык убакыт жок. Кийинки шайлоолорду даярдоого үлгүрбөй калабыз.

Мурдагы айда Бишкекте өткөн курултайда жаңы Конституцияны кабыл алуу, Жогорку Кеңештин ишин “канааттандырарлык эмес” деп табуу сунуштары айтылган болчу.

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков кыргыз парламенти өткөн 80 жылдын ичинде, элестүү айтканда, тагдырдын тар жол, тайгак кечүүсүн басып өттү деп баса белгиледи. Ал Жогорку Кеӊештин кесипкөй парламент катары калыптанышына анын ар бир чакырылыштын кошкон салымы бар жана ошол учурдун талабына жараша өз милдетин, тарыхый вазыйпасын аткарып келгенин айтты.

-Бул мезгилде, өзгөчө соӊку отуз жылдын аралыгында парламент элибиздин тагдырындагы тарыхый бурулуштардын жана мамлекетибиздин түптөнүп калыптанышынын күзгүсүнө айланды. Анткени улутубуз үчүн тарыхый мааниге ээ болгон саясий, экономикалык жана социалдык өнүгүүнүн дээрлик бардык маселелери дал мына ушул парламенттин трибунасында жаӊырып, чечимдер ошол жерде кабыл алынып турду. Бул жылдары бийликтин үч бутагынан айрымаланып, парламент демократиялык принциптерге бекем таянуу менен бардык маселелерди ачык-айкын, эл алдында талкуулоону салтка айлантты.

Бул жыйында конституциялык реформа жасоо боюнча мамлекет башчынын жообуна айрымдары кошулган жок. Саясатчы Азимбек Бекназаров Жогорку Кеңешти конституциялык реформа жасоого чакырды. Ал мындай учурда Жогорку Кеңеш өз алдынчалыгын көрсөтүшү керек экенин айтып, депутаттарды конституциялык реформага барууга үндөдү.

— Урматтуу депутаттар, бир жолу силер Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизгилечи. Эки же үч окуудан кенен талкуу кылып кабыл алгылачы. Биз кол суналы. Мен президенттин кечээ, бүгүн айткан позицияларын түшүнбөй калдым. Парламент болсоңор анда өзүңөрдүн функциянарды аткаргылачы. Көрөлү. Президент каршымын дейт.

Легендарлуу парламенттин төрагасы Медеткан Шеримкулов да мамлекет жетекчилери конституциялык реформа барышы керектигине өз жүйөлөрүн келтирди.

Азыр Конституцияны өзгөртүүгө эң ыңгайлуу учур болуп турат. Президент Сооронбай Жээнбековдун «Баш мыйзамды өзгөртүүгө азырынча зарылчылык жок» деген пикирине кошулбаймын. 2020-жылга чейин өзгөртүүгө чек коюлган. Бирок алдыдагы эки жылда Баш мыйзамды жакшылап талкуулап, чыныгы парламенттик башкаруудагы Конституцияны кабыл алуу мүмкүн. 1993-жылы кабыл алынган Конституция үч жылга жакын талкууланып, кабыл алынган. Эгер эки жыл талкуулап, конституциялык реформа ишке ашса, Сооронбай Жээнбеков реформатор катары тарыхта калар эле.

Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров мындан ары парламенттин ишин жакшыртуу, алга жылдыруу боюнча боюнча ой-пикир, сунуштарын ортого салды. Ал бүгүнкү күндөгү 3000дин айланасында мыйзамдын 99% республикалык бюджетти чыгымдоо багытында, ал эми 1%ы киреше багытында экенине токтолду.

-Эл аралык экономикалык мамилелерди жетиштүү деңгээлде алып баралбай жатабыз. Импортту азайтып, экспортту көбөйтүүгө басым жасап, экономиканы көтөрүүгө багыт алышыбыз керек. Ошондо мугалимдерибиздин, дарыгерлерибиздин айлыгы жогорулайт. Жогорку Кеңеш илим изилдөө иштерине олуттуу көңүл бура албай, бул тармактын өнүгүшүнө тийиштүү каражат бөлүп бере албай жатат. Илим менен экономиканын байланышын чыңдоого маани берүү зарыл.

Эске салсак, 1938-жылы республиканын мамлекеттик бийлигинин жогорку органына–Кыргыз ССР Жогорку Советине жалпы элдик шайлоо алгачкы жолу өткөн. Ага 284 депутат шайланган. 1938-жылдын 18-июлунда Жогорку Советтин биринчи сессиясы өткөн. Бүгүнкү күндө кыргыз парламенттинде 120 депутат бар.

Exit mobile version