Марал Радиосу

Назгүл Ташпаева президенттин аппаратында бөлүм башчы болду

Назгүл Ташпаева президенттин аппаратынын жарандык өнүктүрүү, диний жана этностук саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Буга чейин бул кызматты Мира Карыбаева ээлеген. Ал 1-ноябрда иштен алынган.

Назгүл Ташпаева 2003-2009-жылдары өкмөттүк жана президенттик аппараттарда бөлүм башчылык, эксперттик кызматтарда иштеген. 2009-жылы эмгек жана социалдык коргоо министри болгон.