Биз менен байланышыңыз

Пентагондун башчысы отставкага кетет

Дүйнө , Кыска кабар | 21 Дек 2018 | 567 | 0

АКШнын Коргоо министри Жеймс Мэттис февраль айында кызматтан кетет. Бул тууралуу президент Дональд Трамп  өзүнүн Твиттер баракчасынан жарыялады.

«Жеймс Мэттис менин администрациямда эки жылдык татыктуу кызматынан кийин февраль айында отставкага кетет. Анын учурунда биз коргонуу тармагында, өзгөчө жаңы согуштук куралданууда чоң ийгиликтерге жетиштик»,-деп айтылат билдирүүдө.

Жеймс Мэттис отставкасынын себебин мамлекет башчы Трамп менен пикирлери келишпей жатканы менен түшүндүрдү. Ал бул кызматта Трамп президенттикке келген 2016-жылдан бери иштеп келген.

Акыркы Сирия маселесинде да эки башчынын билдирүүлөрү эки башкача чыккан болчу. Трамп ИШИМ террордук тобун жеңип бүткөнүн жарыяласа, Пентагон күрөш дагы уланарын билдирген. Вашингтон Сириядагы аскерлерин чыгарганы сыяктуу Афганистандан да күч түзүмдөрүн артка кайтарары айтылууда.

Америкалык саясатчылар болсо Мэттистин кызматтан кеткенин абдан чоң катачылык катары баалашууда. Жадагалса Трамптын партиялаштары да муну Акүйдүн жоготуусу деп сыпатташты. Буга чейин ЖМКларда Трамптын администрациясындагы жалгыз «бой жетип, акылына кирген» адам деп аталып келген Жеймс Мэттис Трамптын эл аралык аренадагы агрессивдүү саясатына каршы болгон. Өзгөчө Орусия, Кытай сыяктуу өлкөлөр менен мамилени жөнгө салууга жана дүйнөдө тынчтыкты орнотууга багытталган саясат алып барууну көздөгөн.

Эми Петагондун жетекчилигине кимдин келери жакынкы күндөрдө билинерин Трамп өз билдирүүсүндө эскертти.

 

Copyright © 2017 Maral FM