Марал Радиосу

Молдокматов: “Марал” бүгүн бийиктигин көрсөтө алды

“Замандаш” саясий партиясынын төрагасы Жеңиш Молдокматов Маралдын “Аймак сыймыктары” сынагы бийик деңгээлде, президенттин жарлыгына ылайык өткөнү өзгөчө болгонун белгиледи.

«Аткени буга чейин ЖМКлар сыйлыктарды өзүнө ыктап тапшырчу. Ал эми “Марал” аймактарда эл-жерине кызмат кылган адамдарды сыйлаганы жакшы болду. Бул мамлекетке кошкон чоң салым деп эмептейм. Мындан сырткары иш-чаранын форматы дагы жакты. Азем кыска жана так болду. Муну отургандардын баары талкуулады. “Марал” бүгүн бийиктигин көрсөтө алды», — дейт Молдокматов.

Айта кетсек, бүгүн, 20-декабрда «Марал» радиосу жарыялаган «Аймак сыймыктары-2018» конкурсунун жыйынтыгы жарыяланып, жеңүүчүлөр сыйланды. Бул сынакка жалпысынан аймактарды өнүктүрүү боюнча 100дөн ашуун сунуштар келип түштү. Анын ичинен 13 долбоор эң мыкты деп табылган.

Иш-чарага президенттин аппаратынан, өкмөттөн өкүлдөр, Жогорку Кеңештин депутаттары, ишкерлер катышты.

Exit mobile version