Марал Радиосу

Жээнбеков: эч качан пара берген да, алган да эмесмин

Президент Сооронбай Жээнбеков эч качан пара алган да, берген да эмес. Бул тууралуу ал бүгүнкү маалымат жыйынында айтты. Ага «узак жылдардан бери саясатта жүрөсүз. Кандайдыр бир иш үчүн пара алып же бергенсизби?»,-деген суроо берилди.

Ал саясаттагы жашоосунда пара берүүгө муктаж болбогонун, андай кырдаалга туш болбогонун кошумчалады.

Ошондой эле ал коррупциялык иштерге аралашып калбоо, арам нерседен узак болуу үчүн Кудайдан суранып, намаз окуганын да белгиледи.