Марал Радиосу

Президент мамлекеттик маарекелерге каршы

Республика боюнча кээ бир район-шаарлардын юбилейин салтанаттуу белгилөөгө президент Сооронбай Жээнбеков каршы. Бул тууралуу ал маалымат жыйынында билдирди.

Анын пикиринде 80 жылдык, 90 жылдык мааракелерди чоң салтанат менен өткөрүү туура эмес. Андан көрө илимий-тарыхый конференцияларды өткөрүп, тарых сүйлөнсө жакшы болмок.

Ошондой эле ал аймактардын юбилейинин урматына ал жерлерге социалдык объектилерди куруп, өнүгүүсүнө салым кошуу туура болорун кошумчалады.