Марал Радиосу

Рысалиев Атамбаев менен Жээнбековду ынтымакка чакырды

Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев экс-президент Алмазбек Атамбаев менен азыркы президент Сооронбай Жээнбековду ынтымакка чакырып, кайрылуу жасады. Ал парламент жыйынында, мурдагы президент Атамбаев алты жыл бою өлкөнү татыктуу башкарганын айтып, эми эки чылбыр, бир тизгинди азыркы президент Жээнбековго өткөрүп берүүнү суранды.

Ошондой эле Жээнбековго кайрылып, Атамбаевге Кыргыз Республикасынын Эл баатыры наамын берүүнү тездетүүнү сунуштады.