Марал Радиосу

Президент: Текебаев кайрылса, мунапыс берем

«Өмүрбек Чиркешович мыйзамдуу түрдө кайрылуу жазса, мен конституциялык укугумду пайдаланып, мунапыс берүү маселесин карайм»,-деп билдирди президент Сооронбай Жээнбеков бүгүнкү маалымат жыйынында.

Анын айтымында Текебаевдин иши боюнча бардык соттук иштер бүткөн, Жогорку Кеңеш караган.

Жабылган ишти өз каалоосу менен ачууга анын укугу жок экенин кошумчалады.

Эске салсак, Өмүрбек Текебаев 2017-жылы коррупция беренеси менен соттолуп, учурда абакта.

Ал өзүнө тагылган күнөөлөрду четке кагып, президентке мунапыс үчүн өтүнүч кайрылуусун жазуудан баш тартып келет.