Марал Радиосу

Депутаттар «Коопсуз шаар» долбоорун талкуулоодо

Бүгүн, 19-декабрда Жогорку Кеӊештин жалпы жыйынында “Коопсуз шаар” долбоору боюнча маалымат угулууда. Жыйынга вице-премьер-министр Кубатбек Боронов баштаган өкмөт мүчөлөрү, тийиштүү мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышууда.

Биринчи вице-премьер-министрдин айтымында, “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашырууга 2 млрд 550 млн сом каралган. “Вега” компаниясы долбоорду аткаруууга 2 млрд 320 млн сом каражат жумшамак болду. “Коопсуз шаар” долбоору 2019-жылдын жаз мезгилинен тарта ишке ашырыла баштайт.

Долбоордун алкагында Бишкек шаарынын 38 көчөсүнүн 90 жерине видеобайкоо жабдуулары орнотулат. Бишкек-Ош, Бишкек-Торугарт, Ош-Эркечтам сындуу ири жол каттамдарынын 48 жерине да атайын жабдуулар коюлат. Андан тышкары, 20 мобилдүү көчмө комплекстер иштей баштамакчы.

Ошондой эле, келерки жылы “Коопсуз шаар” долбоорунун 2-этабынын техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип чыгып, өлкө аймагында жана чакан шаарлардын 248 жерине видеобайкоо жабдуулары орнотула турганы белгилүү болду.

Белгилей кетсек, “Коопсуз шаар” долбоору 7 жылдан бери ишке ашырылбай келет. Өткөн жылы өлкө аймагында 4469 жол кырсыгы катталып, 612 адам, анын ичинде 77 өспүрүм каза болгон.