Марал Радиосу

«Фрунзе» көмөкчордонунун 40 жылдыгы белгиленет

20-декабрда «Фрунзе» көмөкчордонунун 40 жылдыгы белгиленет. Бул тууралуу Чүй облустук жогорку чыңалуудагы электр тармактар ишканасынын жетекчиси Таалайбек Ибраев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, «Фрунзе» көмөкчордону Чүй өрөөнүн жана Бишкекти электр жарыгы менен камсыздайт. Ал Кыргызстандагы кубаттуу 4 көмөкчордондун бири болуп саналат.

Белгилей кетсек, былтыр «Фрунзе» көмөкчордону толук жаңыланган. Жаңылоо долбоору боюнча көмөкчордонго 3 комплект 500 кВ өчүргүч жабдуулар орнотулган.

Чалдовар айылында жайгашкан «Фрунзе» көмөкчордону 1978-жылы декабрда ишке киргизилген.