Марал Радиосу

Президент маалымат жыйынын өткөрөт

Бүгүн, 19-декабрда президент Сооронбай Жээнбеков жыл жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынын өткөрөт.

Жыйын «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында болот. Ага катышуу үчүн жергиликтүү жана эл аралык жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү каттоодон өткөн.

Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматка 2017-жылдын 24-ноябрында расмий киришкен. Анын өлкө башчылыгына келгенине бир жыл болду. Ал массалык маалымат каражаттарына биринчи жолу жыйын өткөрөт.

Белгилей кетсек, өлкө башчы буга чейин бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, донорлор, жаштар менен жолугушкан.