Марал Радиосу

Өзбекстан менен инвестициялык кызматташуу боюнча жол картасына кол коюлду

Кыргызстан менен Өзбекстан чектеш облус жетекчилер Кеңешинин экинчи жыйынынын соңунда жыйынтык протоколго жана соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуу боюнча жол картасына кол коюлду.

Документтерге эки өлкөнүн премьер-министрлери кол коюшту.

Жол картасына соода, өнөр жайда биргелешкен кооперация, карантин жана ветеринария тармагында кызматташуу, бажы процедураларын жөнөкөйлөштүрүү, эл аралык кызматташуу жана башка маселелер кирген конкреттүү кадамдар жана мөөнөттөр камтылган.