Марал Радиосу

Өзбекстандын өкмөт башчысы Ошко келди

Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулло Арипов бугун Кыргызстанга келди. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Абдулло Арипов Кыргызстан менен Өзбекстандын чектеш облус жетекчилер кеңешинин экинчи жыйынынын ишине катышуу максатында келип олтурат.

Жыйын бугун, 18-декабрда Ош шаарында өтөт.

Эки өлкөнүн ортосундагы соода-сатык жана маданий-гуманитардык кызматташууну өнүктүрүү маселелерин талкуулоо пландалууда.

Кыргыз делегациясынын курмына министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилери, Баткен, Жалал Абад жана Ош облустарынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ошондой эле чектеш аймактардын аймактык башкаруу органдарынын жетекчилери кирген.