Кыргызстандын тургундары тамак-аш үчүн коротчу акча каражатынын суммасын азайтышты.
Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында жарыяланды.
2015-жылга чейин тамак-ашка карата коротулган акча каражаты киши башына 2800-3500 сомго чейин жеткен болсо, ал 2015-жылдан тарта кадимкидей түшкөн. 2017-жылга карата тамакка кеткен орточо сумма киши башына 1500 сомду түзөт.
Бирок кыргызстандыктар тамактын ордуна кыймылсыз мүлккө жана кызмат көрсөтүүлөргө көп акча корото башташкан. Бул алардын салыктарын да көбөйтүүдө.