Марал Радиосу

Кыргызстандыктар тамак-ашка аз акча корото баштады

Кыргызстандын тургундары тамак-аш үчүн коротчу акча каражатынын суммасын азайтышты.

Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында жарыяланды.

2015-жылга чейин тамак-ашка карата коротулган акча каражаты киши башына 2800-3500 сомго чейин жеткен болсо, ал 2015-жылдан тарта  кадимкидей түшкөн. 2017-жылга карата тамакка кеткен орточо сумма киши башына 1500 сомду түзөт.

Бирок кыргызстандыктар тамактын ордуна кыймылсыз мүлккө жана кызмат көрсөтүүлөргө көп акча корото башташкан. Бул алардын салыктарын да көбөйтүүдө.

 

Exit mobile version