Марал Радиосу

Изилдөө: Наристени жумшак сылоо ооруну азайтат

Англияда жасалган изилдөө ооруп жаткан жаш баланы жкмшак сылоо анын оорусун азайтарын тастыктады.

Oxford  жана Liverpool John Moores  университеттеринин илимпоздорунун айтышынча баланы жумшак сылап-сыйпоо ооруну 40%га азайта алат. Ал үчүн секундасына 3 см лдамдык менен баланын денесин сылоо жетишүү.

Бул аракет баланын терисиндеги кээ бир клеткалардын жандануусуна да алып келери маалым болду.

Ошондуктан жаңы төрөлгөн баланы кучактап, кармоо менен ата-энелер анын ден соолугунун бекем болуусуна шарт түзө алышат.