Марал Радиосу

Касымалиева: Орусиядан көбүнчө оорукчан балдар келет

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева “Марал” радиосуна берген маегинде Орусиядан көбүнчө оорукчан балдар келип жатканын билдирди. Анын айтымында, кыздардын Орусияга чыгуусун чектөө өлкө Конституциясына каршы келет.

«Айрым ата-энелер кыздары 9-классты бүткөндө эле Орусияга жөнөйт. Мен канча талкаланган тагдырларды көрдүм. Андыктан элчиликте да, диаспорада да түшүндүрүү иштерин күчөтүү зарыл. Интернаттагы балдардын 90 пайызынын ата-энеси бар. Балдар биздин келечегибиз. Аларды жакшы карасак. Бирок алар ур-токтмокко кабылып калууда. Мигрант ата-эне баласын таштап кетүүдө жоопкерчилик алса. Болбосо балдарын буюм катары таштап кеткен окуялар болууда. Биз карап жаткан мыйзамга ылайык  9-классты бүткөн окуучулар чет өлкөгө кете албайт», — дейт Касымалиева.

Анын билдиргенине караганда, 2030-жылы Кыргызстанда пенсионерлердин саны көп болот. Бирок бала төрөө азаят.

«Мигранттардын балдары кыргызчаны билеби деген суроо жаралат. Айылдар Орусияга ыктап, орус класстарын ачып бергиле дейт. Мекендештер акча жөнөтүп үй-бүлөсүн багып жатат. Бирок алар Кыргызстанда калып экономикага салым кошсо андан да жакшы болот», — дейт эл өкүлү.

Ал буга кошумча, Президентке караштуу чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңештин алкагында «Мекен карт» маселесин иштөө зарыл экенин белгиледи.

Белгилей кетсек, 18-декабрь мигранттардын эл аралык күнү. 1990-жылы БУУнун башкы ассамблеясы эмгек мигранттарынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укугун коргоо боюнча эл аралык конвенцияны кабыл алган. Ал эми 2000-жылы эл аралык мигранттын майрамы негизделип, жыл сайын 18-декабрда белгилөө жөнүндө токтомго кол коюлган.