Марал Радиосу

Бүгүн мигранттардын эл аралык күнү

Бүгүн, 18-декабрь мигранттардын эл аралык күнү. 1990-жылы БУУнун башкы ассамблеясы эмгек мигранттарынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укугун коргоо боюнча эл аралык конвенцияны кабыл алган. Ал эми 2000-жылы эл аралык мигранттын майрамы негизделип, жыл сайын 18-декабрда белгилөө жөнүндө токтомго кол коюлган.

Бүгүнкү күндө Мамлекеттик миграция кызматынын расмий маалыматы боюнча чет өлкөлөрдө 700 миңден ашык кыргызстандык бар. Анын басымдуу бөлүгү Орусияда, калгандары Казакстан, Түркия, Түндүк Корея жана Бириккен Араб Эмираттарында.