Марал Радиосу

ЖК комитети шаардык кеңештердин көйгөйлөрүн угат

Бүгүн, 18-декабрда парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитети  көчмө жыйын өткөрөт. Парламенттин расмий сайтына маалымдалгандай, жыйында мамлекеттик органдардын кээ бир шаардык кеңештер менен кызматташуусундагы көйгөйлөр талкууланат.

Көчмө жыйынга Нарын, Баткен, Балыкчы жана Каракол шаардык кеңештеринин депутаттары жана кээ бир мамлекеттик органдардын жетекчилери катышат.

Жыйын Кой-Таш айылындагы “Жаннат” мейманканасында өтөт.