Марал Радиосу

Кыргыз-өзбек чек ара маселеси талкууланат

Бүгүн, 18-декабрда Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Кыргызстанга келет. Аны менен Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Ош шаарында жолугушат.

Анда Өзбекстан менен Кыргызстандын чек арага жакын облустарынын башчыларынын жана ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн Кеңешинин экинчи отуруму өтөт.

Эске салсак, эки өлкөнүн чек аралаш облустарынын башчыларынын Кеңешинин биринчи отуруму ушул жылдын март айынын аягында Ферганада өткөн.