Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет “Оптима Банк” тарабынан мурунку өкмөт башчы Дүйшөнбек Зилалиевдин банктык уячадагы акчасы тууралуу тарткан видео боюнча комментарий берди.
УКМКнын маалыматында, бул видео экс-вице-пермьер министрге карата жүргүзүлгөн санкцияланган тергөө-иш чараларынын алкагында табылган.
Видео декларацияда көрсөтүлбөгөн акча каражаттарынын далили катары кылмыш-ишине кошулган жана анын жайылуусуна банктын эч кандай тиешеси жок экендигин УКМК маалымдайт.
Ошондой эле видеодо көрсөтүлгөн акча каражаттарын Зилалиев 2018-жылдын август айында өзү чыгарып кеткендигин кошумчалашты.
Эске салсак, «Оптима Банк» мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин банктагы акчасы тууралуу видео 2017-жылы банк кызматкерлери тарабынан тартылганын жарыялаган.