Марал Радиосу

Эркин Мергенбаев 6-январга чейин абакта калтырылды

Бүгүн, 17-декабрда Чолпон-Атадагы ат майданды оңдоп-түзөөдөн өткөргөн «Темир Канат» ишканасынын жетекчиси Эркинбек Мергенбаевдин баш коргоо чарасы Биринчи Май райондук сотунда каралды. Ал соттун чечими менен 2019-жылдын 6-январына чейин камакта калтырылды. Бул тууралуу Жогорку Соттон кабарлашты.

Ишкер Чолпон-Атадагы ат майданды куруу учурунда курулуш материалдарын кымбат баада алган деп айыпталууда. Ушул жылдын 17-январында Бишкек шаардык соту Эркинбек Мергенбаевди 6 жылга эркинен ажыратып, мүлкү конфискациялана турганы айтылган.