Марал Радиосу

Мүлкүн жашыргандардын саны артууда

Үстүбүздөгү жылдын 1-декабрына карата Салык кызматына мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин ичинен 60 миңдей декларация келип түшкөн. Анын ичинен 141 чиновниктин декларациясы күмөн жараткандыктан, Башкы прокуратурага текшерүүгө жиберилген. 

Кыргызстанда 141 чиновник декларациясын туура эмес маалыматтарды көрсөткөн. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Искендер Асылкулов кабарлады.

Анын айтымында, декларацияларда мүлк, жер тилкелери, унаа жана банктык эсептер тууралуу дал келбестиктер бар. Материалдар Башкы прокуратурага юридикалык баа берүү үчүн жиберилген. Учурда текшерүү жүрүүдө.

-Бул аткаминерлердин көбү административдик жана атайын кызматтарды ээлеп келген. Башкы прокуратурага 141 декларант боюнча материалдар берилген. Алардын ичинен 19 мамлекеттик кызматтарды, атайын кызматтарды — 21, саясий жана муниципалдык кызматтарды — 27, жогорку ызматтарды — 65 жана башкы кызматтарды — 9 ээлейт.  Ал эми декларациясында туура эмес маалыматтарды көрсөткөн чиновниктердин кимдиги айтылбайт.

Үстүбүздөгү жылдын 1-декабрына карата Салык кызматына мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин ичинен 59 миң 965 декларация келип түшкөн. 10 миң 394 декларант 30-июнга чейин мурунку тапшырылган декларацияларына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү укугун колдонгон. 2 миң 616 кызматкер декларациясын мыйзам менен орнотулган мөөнөттөн кийин тапшырган. Баардыгы болуп ведомствонун сайтында саясий кызмат аткарган жана алардын милдетин аткарган 189 декларант тууралуу маалымат жайгаштырылган. Андан тышкары дагы 480 адамдын декларациялары сайтка жарыялоого даярдалып жатат.

Ошондой эле Асылкулов белгилегендей, Салык кызматы тарабынан декларациядагы көрсөтүлгөн маалыматтарды текшерүү максатында министрлик, ведомство, коммерциялык банктарга декларанттар тууралуу маалымат берүүсү үчүн кайрылуулар жиберилген.

-Кээ бир жиберилген кайрылууларга КРнын мыйзамынын нормаларына шилтеме жасап, жооп берилген эмес. Атап айтсак, 26 банктын ичинен 11и маалымат берүүдөн баш тарткан. Ошондой эле кээ бир ведомстволор толук эмес маалымат беришкен. Мисалы, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду тарабынан паспорттук маалыматтар көрсөтүлбөстөн тек гана аты-жөнү менен маалымат берилген, бул өз кезегинде декларация менен салыштырып текшерүүнү оорлоштурат.

Учурда Башкы прокуратура тарабынан декларациясында маалыматтарды туура эмес көрсөткөндөр текшерүүгө алынып жатат. Анын негизинде мыйзамсыз байыгандардын тизмеси жарыяланып келет. Башкы прокуратуранын маалымат катчысы Наргиза Куватова тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн кайсы чиновниктер мүлктөрүн жашырганын ачыктаган жок.

-Бирдиктүү салык декларациясына анык эмес маалыматтарды берүү фактылары боюнча бир нече мыйзам бузуу аныкталган. Бизге Мамлекеттик салык кызматы тарабынан материалдар келип түшүүдө. Учурда Башкы прокуратурада материалдар бар. Текшерүү жүрүп жатат.

Жакында эле экс-вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев мыйзамсыз баюуга шектелип, эки айга камакка алынды. Ал көрсөткөн декларациясында айрым мүлкүн жашырган деп айыпталууда. Ал мамлекеттик кызматта иштеп турганда коммерциялык банктарда сактап келген 889 миң 900 АКШ долларын декларацияда көрсөтпөгөнү аныкталган. Бул окуядан соң коомчулук жалпы аткаминерлердин декларациясын текшерип чыгуусун талап кылды.

Коррупцияга каршы ишкер кеңешинин төрайымы Нурипа Муканова өткөрүлүп берилген материалдарды Башкы прокуратура кантип аныктап чыгаарын убакыт көрсөтөт,- дейт.

-Эми Башкы Прокуратура кандай иштей турганын көрөлү. Тизмени өткөрүп бериптир. Андагы ысымдар териштирүүнүн кызыкчылыгы үчүн ачык айтылбайт. Болбосо чиновниктер мүлкүн катып же сата баштайт. Изилдеп чыккандан кийин көзөмөл органы маалымат бериши керек.

Саясат талдоочу Алмазбек Акматалиевдин айтымында, Кыргызстанда декларацияда мүлкүн жашыргандардын маселесине биринчи жолу чоң деңгээлде көңүл бурулуп жатат. Декларацияга байланыштуу акыркы окуялар мамлекеттик кызматка ишеничтин жоктугуна өбөлгө түзүп берүүдө.

-Мамлекеттик кызматкер десе аларды кылмышкер ойлобош керек. Көп деле акча таппаган, так иштегендер мамлекеттик кызматкерлердин басымдуу бөлүгүн түзөт. Зилалиев сыяктуулар мамлекеттик кызматка шек келтирүүдө. Алардын айынан мамлекеттик кызматка элдин ишеними жоголууда.

Эске салсак, буга чейин Кыргызстанда мамлекеттик кызматтарда иштеп жаткандардын киреше жана чыгашаларын аныктоо боюнча декларацияны Мамлекеттик кадр кызматы кабыл алчу. Бирок бул кызмат 2017-жылдан баштап Салык кызматына өткөрүлүп берилген.