Марал Радиосу

Канттагы авиабазада аскердин сөөгү табылды

Канттагы авиабазада кызмат кылган аскердин сөөгү табылганын Чүй облустук милициясынан маалымдашты.

15-декабрда Ысык-Ата РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө кишинин сөөгү табылганы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Каза болгон киши 39 жаштагы Россиянын жараны экени жана «Кант» авиабазасында иштери аныкталды.

Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалды. Алдын-ала маалымат боюнча маркум этил спиртине ууланып каза болгон.