Марал Радиосу

100 миң кыргызстандык кара тизмеден чыкты

Кыргызстандын жарандары үчүн 10-декабрда «миграциялык мунапыстын» мөөнөтү аяктады. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен билдиришти.

Маалыматка таянсак, Кыргызстандын жарандарынын Орусиянын аймагында жүрүүсү анын мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат. Мындан тышкары чет жердин тийиштүү органдары тарабынан миграциялык көзөмөл күчөшү мүмкүн.

Акыркы маалыматка ылайык, 100 миң кыргызстандык «миграциялык мунапысты» колдонууга үлгүрдү

Exit mobile version