Марал Радиосу

Биометрикалык чет элдик паспортторду берүүнүн мөөнөтү артка жылды

Кыргызстандыктарга  чет өлкөгө чыгуучу биометрикалык паспортторун берүү 2019-жылдын аягында башталмай болду. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) жетекчиси Алина Шаикова билдирди.

Анын айтымында биометрикалык чет элдик паспортторду берүү 2019-жылдын башына пландалган, бирок өкмөттүн алмашуусунун таасири менен ал кийинкиге жылдырылды.

«Учурда тендердик комиссия бизге бланкаларды сатуучу компаниянын сунушун карап жаткан чагы. Биз банкноттун деңгээлинде корголгон бланкаларды эле сатып алабыз. Паспортту чыгаруучу курал-жарагыбыз гранттын эсебинен алынып, текшерилди. Персонификация боюнча маалыматтык системаны  өзүбүздүн адистер жасап бүтүрүштү»,-деди Шаикова.

Кошумчаласак, МККнын шарттарына ылайык атайын бланкаларды сатып алуучу компания аныкталган соң бланкалар даярдалат. Ал ТИМдин легалдаштыруу процедураларынан өтүүсү шарт.