Марал Радиосу

Кыргызстандын калкынын 25.6 пайызы жакыр

Кыргызстандын калкынын 25.6 пайызы жакырчылыкта жашайт. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети жарыялаган.

Изилдөөнүн жыйынтыгы көрсөткөндөй кыргызстандыктардын 0.8 пайызы жакырчылыктын эң төмөнкү чегинде жашайт.

Айыл-кыштактарда жашаган калктын 28.4 пайызы жакыр болсо, шаардыктардын 20.4%ы жетишпеген шартта күн көрүшөт.

2013-жылдагы абалга салыштырмалуу кедей катмар 11%га кыскарса, өтө кедейлер 2%га азайган.

Кошумчаласак, социалдык жөлөк пул алгандардын саны акыркы беш жылда 16%га өсүп, жалпы мамлекеттик пособиени алгандардын саны 379 миңди түзгөн.