15-декабрда өлкөдө жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп, ылдамдыгы 1-6 м/с жетет.
Абанын температурасы:
Чүй, Таласта түнкүсүн -3…+2, күндүз +8…+13,
Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында түнкүсүн -1…+4, күндүз +10…+15,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -3…+2, күндүз +4…+9,
Нарын облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз -2…-7 градус болот.
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын түнкү температурасы -1…+1, күндүз +11…+13 болот.