Марал Радиосу

Президент: Каттоо кызматы коррупцияга каршы жакшы күрөшпөй жатат

Президент Сооронбай Жээнбеков санариптештирүү иши боюнча Каттоо кызматын сынга алды. Мамлекет башчы Коопсуздук кеңешинин жыйынында сөз сүйлөп жатып, автомектептердин иштерине да токтолду. Ал жерден окугандар сапатсыз болуп, ар кандай кырсыктарга себеп болуп жатканын айтты.

-Мамлекеттик каттоо кызматы кызматтарды санарипке өткөрүү боюнча алдыңкы позицияда болушу керек. Бирок учурда паспорт алуу процессинде гана ийгиликтүү. Эмне үчүн ушундай эле процесс транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоодо, жарандык актыларды каттоо системасында байкалбайт,-деди президент.

Жарандар Мамлекеттик каттоо кызматыны коррупцияны жок кылууга аракет кылбай жатат деп айтышарын, президент алардын оюна кошуларын да билдирди.

Эскерте кетсек, бүгүн, 14-декабрда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Коопсуздук кеңешинин жыйыны өтүп, анда өлкөнү 2018-2023-жылдарда санариптик трансформациялоо концепциясы кабыл алынды.