Биз менен байланышыңыз

Украина: Евробиримдик бизди алдады

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Дек 2018 | 696 | 0

Евробиримдик Украина менен түзгөн соода келишиминде анын экспортун чектеп, атаандаштыкка туруштук бере ала турган өндүрүштү түптөөсүнө мүмкүнчүлүк бербей алдап койгон. Бул тууралуу Жогорку Раданын депутаты Виктор Бондарь айтып чыкты.

Анын айтымында Киев биринчи кезекте өзүнүн экономикалык кызыкчылыгын ойлоосу шарт. Бирок биримдик аларга Европанын жогорку деңгээлдеги технологиясын сатып алууга мажбурлап, ошол эле учурда Украинанын оор өндүрүшүнүн жолун бууп койгон.

Украина Евробиримдик менен келишиминде пайдага жетишпеси тууралуу пикирин Дүйнөлүк банктын эксперттери да билдиришкен болчу.

Эске салсак, Киев Евробиримдик, Грузия жана Армения менен 2014-жылы эркин соода аймагын түзүү боюнча келишимге кол коюп, ал 2016-жылы толугу менен ишке киришкен.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM