Марал Радиосу

«Миграциялык мунапысты» 100 миңден ашуун кыргызстандык пайдаланды

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Кыргызстандын жарандарына карата жарыяланган миграциялык мунапыстын мөөнөтү 10-декабрда аягына чыккандыгын маалымдайт.

Орусиянын ИИМи менен миграция башкармалыгынын берген маалыматы боюнча, «миграциялык мунапыс» мүмкүнчүлүгүн Кыргызстандын 100 миңден ашуун жараны пайдаланды.

Орусиянын миграциялык мыйзамдарын бузуп жүргөн кыргызстандык жарандардын 50 пайыздан ашууну аталган жеңилдиктен пайдаланды.

Ошондой эле миграциялык мунапыстын алкагында Кыргызстандын 5 488 жараны «кара тизмеден» чыгарылган.

Exit mobile version