Марал Радиосу

Башкы штабтын кызматкери пара менен кармалды

Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын коменданттык кызматынын бөлүм башчысынын орун басары пара менен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Буга чейин УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын материалдарынын негизинде Аскер прокуратурасы тарабынан пара талап кылуу фактысы боюнча кылмыш иши ачылган. Ыкчам иштердин натыйжасында 13-декабрда бөлүм башчынын орун басары 18 миң сом пара алып жатканда кармалган.

Учурда аталган факты боюнча тергөө иштери башталды», — деп билдирет маалымат кызматы.