Марал Радиосу

Бактыгүл Жээнбаева Финансы министри болуп дайындалды

13-декабрда Бактыгүл Жээнбаева Финансы министри болуп дайындалды. Мындай жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгонун анын аппаратынан маалымдашты.

Бактыгүл Жээнбаева 1960-жылы Бишкек шаарында туулган. Жогорку билимдүү. Буга чейин президенттин кеӊешчиси болуп иштейт.

Ал ага чейин Улуттук банк, «Айыл Банк», Мамлекеттик ипотека компаниясы сындуу ири каржы мекемелерин жетектеп келген.

Кошумчалай кетсек, 6-декабрда мурдагы Финансы министри Адылбек Касымалиев өз каалоосу менен кызматтан кеткен.