Биз менен байланышыңыз

Контрабандалык ири көлөмдөгү тамеки кармалды

Без рубрики | 13 Дек 2018 | 461 | 0

Контрабандалык жол менен ташылып келинген тамеки продукциялары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери тарабынан кармалды. Бул тууралуу Бажы кызматы кабарлады.

ЕАЭБнын бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүүнү табууга жана бөгөт коюуга багытталган иш-чараларды жүргүзүүдө, Оперативдүү бажысынын кызматкерлери тарабынан Жалал-Абад областынын Сузак районунун Кызыл-Багыш айылында Кыргыз Республикасынын жараны Л.И. башкаруусунда « Меrcedes-Веns 814 DK » үлгүсүндөгү унаа токтотулуп, текшерилди.

Аталган унаанын салонун текшерүүдө полипропилен мүшөктөрүнө салынган 20 таңгак көлөмүндө (10000 пачка), Таджикистан Республикасынын акциз маркасы менен «Senator» соода маркасынын фильтр менен тамекилер табылган.

Токтоткон учурда айдоочу (товарларга карата ыйгарым укуктарга ээ адам) ЕАЭБнын бажы аймагына товарлады ташып кирүүнүн легалдуулугун тастыктаган бажы жагынан таризделген, кандайдыр бир товар коштоочу документтерди көрсөтө алган жок.

Эксперттин корутундусуна ылайык товардын наркы 650 000 сомду түздү. Чогултулган материалдар тергөөгө караштуулугун аныктоо жана Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик мыйзамдарына ылайык чечимди кабыл алуу үчүн Жалал-Абад областынын прокуратурасына жөнөтүлгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM