Марал Радиосу

Дүйнөнүн өзгөчө адамдары

Өзгөчө физикалык сапаттарга ээ адамдар мультфильмдерде же фантастикалык чыгармаларда гана болгону менен дүйнөбүздө дагы мындай адамдар кездешет. Күтүүсүз физикалык мутацияга учураган же жашаган географиясынын шарттарына жараша генетикалык өзгөрүүлөргө учураган кишилер бар. 5 түрлүү өзгөчө адамдар тууралуу төмөндө баяндайбыз:

  1. Суунун ичинде таамай көрө алгандар. Демейде биз сууга түшүп, көзүбүзду ачсак бүдөмүк көрөрүбүз бышык. Бирок Тынч океандагы Андаман жапайы аралдарынын Мокен уруусунун балдары андай эмес.  Алар биринчи жолу сууга түшсө деле суу ичинде узак аралыкка чейин таамай көрө алышат. Бул алардын ата-тегинин жүздөгөн жылдардан бери суу менен күн көрүп, жээкте жашаганы үчун генетикасы  чөйрөсүнө жараша өзгөрүп калганын билдирет.
  2. Ашыкча суукка чыдамдуулук. Адамбаласынын денесинин табы 36.5-37.5 арасында болгон үчүн суукка караганда ысыкка оңой чыдайт. Бирок суукка кадимки адамдарга караганда эки эсе чыдамдуу Түндүк уюлдагы Инуит уруусу бар. Алардын генетикасы шартка жараша калыптанып, жаңы төрөлгөн баласынан тарта өтө төмөнкү суукка ылайыкташкан. Аларда чыйрыгуу, сууктан титирөө деген болбойт.
  3. Бийиктиктерде эркин дем алгандар. Гималайда жашаган тибеттиктер менен Анды тоолорунда жашаган куэчуа эли деңиз деңгээлинен 5 миң метр бийиктикте деле күйүкпөй, эркин дем алышат. Бул аталган аймактарда миң жылдардан бери жашап келген ата-бабаларынан өткөн өзгөчөлүк. Алардын өпкөсүнүн иштеши биздикине салыштырмалуу өтө жигердүү. Бир дем алганда чоң көлөмдөгү кычкылтекти жута алышат. Эгер сиз ал жерлерге барып, он жыл бою жашасаңыз деле мындай өзгөчөлүккө жетише албайсыз.
  4. Аз уйку менен жашагандар. Бул физиологиялык бузулуу болуп саналат. Негизи адамбаласы 7-9 сааттык уйкудан кийин өзүн эс алгандай сезип, ишке жөндөмдүүүгү артат. Бирок мындай бузулууга дуушар болгон адамдар 5 сааттан аз уктап, кадимкидей жүрө беришет. Бирок бул алардын ден соолугуна жана руханий абалына терс таасирин тийгизип, ооруларга бат кабылууну шарттайт. Мындай абалга туш болгон адам уйку нормасын жөнгө салууга шашылышы керек.
  5. Жашы өткөн сайын сөөктөрү жооноргон адамдар. Демейде адамбаласы жашы өткөн сайын сөөктөрү ичкерет. Бул сөөк майынын азаюусунун жана карылыктын белгиси деп билинет. Бирок жашы өткөн сайын сөөгү жооноргон адамдарда склеростин протеинин көп көлөмү байкалат. Илимпоздор бул протеинди өндүрүү менен адамдардын кеч картаюусуна жардам бере аларын үмүт кылышууда. Анткен менен мунун терс тарабы да бар. Мындай физиологоиялык мутацияга учураган адамдар барган сайын чоңоюп гигантизм (дөөлөшүү) оорусуна чалдыгып, жүз түзүлүшү бузулуп, көзү көрбөй калуу коркунучу күчөйт.

Exit mobile version