Марал Радиосу

«Электр энергиянын баасы инвестор тартууга таасир этүүдө»

Электр энергетика тармагында чоң маселелер бар. Бул тармак 1 млрд 400 млн сом дефицит менен иштеп жатканын КМШ мамлекттеринин эмгек сиңерген энергетиги Бекбо Маматбеков “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, ГЭСтерди калыбына келтирүү зарыл. Алар убагында каралып, оңдоп-түзөөдөн өтпөсө, талкаланат.

«Токтогул ГЭСинде бир генератор иштебей калса, 300 Мвт энергияны ким берет? Ошондуктан реабилитация иштери жүрсө, ири кубаттуулукка жетебиз. Курулуп жаткан ГЭСтерди бүтүрүү зарыл. Бирок инвестор табылбай жатат. Буга электр энергиянын баасы төмөн экени да таасир берүүдө. Жок дегенде, чыгыша менен киреше тең болушу керек. Азыр андай эмес. Андыктан тарифти кеминде 3 пайызга көтөрсөк эч нерсе болбойт. Ишкер акчасын пайда тапкан жакка жумшайт»,-дейт Маматбеков.

Ал буга кошумча, Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын куруп бүтүрүп, электр энергиясын бөлүштүрүүчү компанияларды өкмөт өз колуна алышы зарыл экенин белгиледи.

Белгилей кетсек, 2012-жылы кыргыз жана орус өкмөттөрү Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын куруу боюнча макулдашууга кол койгон. Ага ылайык, Камбар-Атаны «Интер РАО» ишканасы, Жогорку Нарын ГЭстер каскадын «Русгидро» курмай болгон.​ Бирок иш узап, 2016-жылы Кыргызстан макулдашууну бир тараптуу денонсациялаган соң, Орусия курулушка 37 миллион доллар сарптаганын айтып, аны төлөп берүүнү талап кылып келе жатат.