Марал Радиосу

Маматбеков: Электр энергиясынын баасын көтөрүш керек

Маматбеков мурдагы жылдарга салыштырмалуу көмүрдүн баасы кымбаттаса да эл нааразы болуп кыйкырбай эле алып жатканын айтып, электр энергиянын баасын дагы мезгил-мезгили менен 10 тыйындан көтөрүш керектигин белгиледи.

«Мурда көмүр 700-600 сом болсо, азыр 4000-5000 сом. Кана кыйкырганыңар? Азыркы тариф менен кетсек, келечек муунга энергетика тармагын кандай абалда тапшырабыз? Ошондуктан бул тармакты сактап калуу үчүн аз-аздан болсо да тарифти көтөрүш керек. Токтогул ГЭСинен чыккан 1 киловатт электр энергиянын өздүк наркы 14 тыйын. Ал эми ТЭЦте бир гигакалорий жылуулук өндүрүп чыгуунун наркы 876 сом болсо, аны элге 395 сомдон сатып жатышат. Станциядан чыккан электр энергиясынын өз баасы 2 сом 70 тыйындан болуп жатса, аны 77 тыйындан беришүүдө. Мунун айынын энергосектордо 2015-жылы 7 миллиард, 2016-жылы 5 миллиард сомго жакын тартыштык болгон. Калкка абалды туура түшүндүрүү керек. Энертосекторду азыр кармап калбасак, мындай абалы менен жок болуп кетет», — дейт Маматбеков.