Марал Радиосу

Экс-президенттин ишмердүүлүгү боюнча мыйзам долбоору каралат

Бүгүн, 13-декабрда парламенттин жалпы жыйынында “Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө” мыйзам долбооруна өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору биринчи окууга киргизилет.

Анын демилгечилери – депутаттар Курманкул Зулушев, Исхак Масалиев.

Бул мыйзам долбоорун буга чейин  парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитет жактырган.

Курманкул Зулушев буга чейин Марал радиосуна берген маегинде эгер мыйзам долбоору кабыл алынса президенттин ишмердүүлүгүндө кол тийбестик толук алынарын айткан.

Ошол эле учурда президент жана анын үй-бүлөсү, жашы жете элек үй-бүлө мүчөлөрү мамлекеттин камсыздоосунда болот. Ал эми, эгерде кандайдыр бир кылмыш иши козголуп, айыбы далилденсе анын экс-президент макамы алынат, мамлекеттик материалдык камсыздоодон ал дагы, үй-бүлөсү дагы ажыратылат.