Марал Радиосу

Токтогулда маданият үйү өрттөнүп, 12 миңге жакын китеп күйүп кетти

Жалал-Абад облусундагы Токтогул районундагы Торкент айылында маданият үйү күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 11-декабрынан 12-декабрга караган түнү саат 01:44 чамасында Торкент  айылдык маданият үйүндө өрт кырсыгы катталгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Кабар түшөр замат өрт өчүрүүгө 3 бөлүм тартылган. Өрттүн кесепетинен болжол  менен 455 чарчы метр аянты күйгөн.

Өрттүн кесепетинен 11 700 даана китеби болгон 1 бөлмөлүү китепканасы, ичиндеги мүлктөрү толугу менен күйүп кеткен.

Учурда өрттүн келип чыгуу себебин жана өрттөн келтирилген материалдык зыянын тактоодо.