Марал Радиосу

Кыргызстанда 4622 жаран акысыз юридикалык жардам алышты

Акысыз юридикалык декадасынын алкагында 4622 жаранга жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 12-декабрда Юстиция министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Ушул жылдын 3-10-декабрь күндөрү Кыргызстан боюнча акысыз юридикалык декадасы өткөрүлгөн. Анын алкагында 4622 жаранга юридикалык кеп-кеңештер берилип, анын 60 пайызын аялдар түзгөн.

Жарандардын 1459у үй-бүлөлөк укук боюнча (ажырашуу, мүлккө ээлик кылуу, алимент, ата-эненин укугу ж.б). Мындан тышкары эмгек укугу боюнча-569, салык-260, жашаган жери тууралуу-250, сациалдык колдоо-228 жана башка маселелер боюнча кайрылышкан.