Биз менен байланышыңыз

Европа банкы Кыргызстанга 129 млн доллар бөлүшү мүмкүн

Кыска кабар | 11 Дек 2018 | 667 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-декабрда Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) Борбор Азия боюнча директору Нил Маккейнди кабыл алды. Бул тууралуу мамлекет башчынын аппаратынан маалымдашты.

Нил Маккейн банктын 2019-жылы Кыргызстанда ирригация тармагын өнүктүрүү жана аймактарда, шаарларда калкты таза ичүүчү суу менен камсыздоо боюнча бир катар жаңы долбоорлорду ишке киргизүү боюнча пландарын айтты. Анын ичинде бул инфраструктуралык долбоорлорго 129 млн доллардан ашуун каражат бөлүү болжолдонууда.

Президент Сооронбай Жээнбеков ЕРӨБ менен болгон бардык биргелешкен долбоорлор аймактарда жумуш орундарын түзүү, калктын турмушун жакшыртуу үчүн абдан маанилүү экенин белгилеп, мындан аркы кызматташууга ишенимин билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM