Марал Радиосу

Туманга байланыштуу рейстер кармалууда

“Манас” эл аралык аэропортунда коюу туман болгондуктан рейстер кармалууда. Бул тууралуу аэропорттун маалымат кызматы кабарлады.

Туманга байланыштуу Москва жана Казань шаарларынан келген учактар Ош шаарындагы аэродромго конду.

Ошондой эле, Алматы шаарындагы аэродромго Стамбулдан келе жаткан эки учак жиберилди.